Akchabarsearch
Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери жүрүүдө

Жарыяланган

2026-19-02, 10:25

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери жүрүүдө

19-февралга карата «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери жигердүү фазасына өттүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company 1-февралга чейин демонтаж иштерине толук даярдыктар көрүлгөн. Иштерди жүргүзүү үчүн 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды.

Демонтаж иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө

Үч-Коргон ГЭСиндеги модернизация долбоору мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылып жаткан маанилүү инфраструктуралык кадамдардын бири болуп саналарын билдиришти. 


Тектеш материалды окуу