
Жарыяланган
2026-19-03, 15:27Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкыпрокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022–2023-жылдары айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери жарандардын арыздары жок жана кезектүүлүктү сактабастан, жалпы аянты 2,35 гектар жерди мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп беришкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


