
Жарыяланган
2026-29-01, 16:07Жумгалда көмүр казган ишканага 1,5 миллион сомго чукул айып пул салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билидиршит.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагында көмүр казуу ишин жүргүзгөн “Шанси Коал Инвестмент Групп” ЖЧКсы текшерилди.
Анын жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, аталган ишканага 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн 2024 –2025-жылдарга карата 1 млн 484 миң 280 сом сом төлөө боюнча жазма буйрук берилип, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.
Бул чаралар Кыргызстандын жер, суу мыйзамдарынын талаптарын камсыз кылуу максатында көрүлгөнү айтылат маалыматта.



