
Жарыяланган
2026-09-03, 11:42Нарын облусунун Жумгал районунда токой чарбасынын карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жумгал токой чарбасынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалдарын кызматтын кызыкчылыктарынан сырткары пайдаланышкан. Өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү же артыкчылык алуу максатында 2019-2024-жылдар аралыгында Жумгал токой чарбасынын карамагындагы жер тилкелерине конкурсту формалдуу (жасалмалоо) жол менен конкурс өткөрүлгөндүгү жөнүндө протоколдорду түзүшүп, 49 жаранга жалпы 104,19 гектар жерди 49 жылдык мөөнөт менен ижарага беришкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси менен (кызматтык жасалмачылык) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


