Akchabarsearch
Чакан жана орто ишкердик субъектилери өндүргөн кошумча дүң наркынын көлөмү 641 млрд сомду түздү

Жарыяланган

2025-25-12, 14:29

Чакан жана орто ишкердик субъектилери өндүргөн кошумча дүң наркынын көлөмү 641 млрд сомду түздү

Быйыл 9 айдын жыйынтыгы боюнча, чакан жана орто ишкердик субъектилери өндүргөн кошумча дүң наркы өткөн жылга салыштырмалуу 46.4%га өсүп, 641 млрд сомду түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Элдик Курултайда билдирди.

Алардын ички дүң продукциядагы үлүшү 42.6%дан 51.7%га чейин жогорулады.

Ал эми,чакан жана орто ишканалардын саны 12%га өсүп, 20 миңге жетти. Ал жакта иштеген адамдардын саны да 5.3%га көбөйүп, 617 миңди түзгөн.
 


Тектеш материалды окуу