Жарыяланган
2025-23-10, 15:45Чакан жана орто бизнес өлкөнүн экономикасына барган сайын чоң таасир берип жатат. 2025-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) дээрлик жарымы — 47.3% — ушул чөйрөдөгү ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Былтыр алардын үлүшү 39.8% болгон.
Бул убакытта бизнес 335.5 млрд сомдук товар жана кызмат өндүргөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 100 млрд сомго көп. Өсүштүн негизги бөлүгүн кичи ишканалар камсыз кылган — дүкөндөр, устаканалар, кызмат көрсөтүү жана соода компаниялары. Алардын салымы өзгөчө байкалаарлык өсүп, 159.7 млрд сомду түзгөн (+59.5 млрд сом жыл ичинде).
Жеке ишкерлер да олуттуу өсүштү көрсөтүп, 119 млрд сом тапкан (+28.2 млрд). Фермердик чарбалар болсо 20.4 млрд сом кошумча нарк түзгөн.
ИДПдагы кошумча нарктын үлүшү:
• Кичи ишканалар — 22.5%
• Орто ишканалар — 5.1%
• Фермердик чарбалар — 2.9%
• Жеке ишкерлер — 16.8%
Кыргызстан экономикасынын тапкан акчаларынын жарымы кичи жана орто бизнес тарабынан түзүлөт.