Akchabarsearch
Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин импорту экспорттон 5 эседен ашык көп болду

Жарыяланган

2026-29-10, 18:00

Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин импорту экспорттон 5 эседен ашык көп болду

2025-жылы Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес чет өлкөлөрдөн 7.36 млрд долларлык товар алып келип, 1.3 млрд долларлык товар экспорттогон. Башкача айтканда, импорт экспорттон 5 эседен ашык көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, чакан жана орто бизнестин тышкы соода жүгүртүүсү 8.66 млрд долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 9.2%га өскөн.

Бир жыл ичинде экспорт 9.1%га, ал эми импорт 4.3%га көбөйгөн.

Жалпысынан чакан жана орто бизнестин үлүшүнө Кыргызстандын тышкы соодасынын 51.9%ы туура келген. Анын ичинде өлкөнүн жалпы экспортунун 43.2%ын, импортунун 53.8%ын чакан жана орто бизнес түзгөн.


Тектеш материалды окуу