Akchabarsearch
Чүй менен Таласта темир-бетон буюмдарды чыгарган эки ишкана салынат

Жарыяланган

2026-12-03, 12:11

Чүй менен Таласта темир-бетон буюмдарды чыгарган эки ишкана салынат

Чүй менен Талас облустарында темир-бетон бюумдарды чыгарган эки ишкана салынат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

Учурда ишканалар салына турган жерлер табылып, курулушту жүргүзө турган компания тендер аркылуу тандалып алынган. 

Курулуш иштери күн жылыганда башталып, быйыл август-сентябрь айларында бүткөрүлөт деп пландалууда. 

Ал ишканаларда электр мамылар жана башка темир-бетон буюмдар чыгарылат. 

Бул эки ишкананы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясы өз акчасына салат. 


Тектеш материалды окуу