Akchabarsearch
Социалдык контрактка арыздарды кабыл алуу уланууда

Жарыяланган

2026-12-03, 11:03

Социалдык контрактка арыздарды кабыл алуу уланууда

“Социалдык контракт” долбооруна катышууну каалагандардан арыздарды кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Белгилүү болгондой, аталган долбоор 2022-жылы ишке киргизилип, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган, колунда жок үй-бүлөлөргө өз ишин баштоого көмөк көрсөтүүгө багытталган. Социалдык контракт түзгөндөр “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунан баш тартат деп каралган. Башында аталган үй-бүлөлөргө иш ачууга 100 миң сомдон берилсе, 2025-жылдан тарта 150 миң сомдон бериле баштаган. 

Төрт жыл аралыгында 48 миң 557 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн. Алардын 73,3%ы айыл чарба, 13,8%ы өндүрүш, 6,7%ы соода-сатык жана 6,2%ы кызмат көрсөтүү тармактарында иш ачышкан. 

Быйыл өлкөдө колунда жок 13 миң 333 үй-бүлө менен келишим түзүү каралган. 11-мартка карата өлкө боюнча 1 миң 825 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 607 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлгөн. Бүгүнкү күндө арыздарды кабыл улантылууда.

Социалдык контрактты алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан. 

Министрликтин маалыматы боюнча, “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырып жаткандардын 94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт, долбоордун алкагында 57 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлгөн.
 


Тектеш материалды окуу