
Жарыяланган
2026-12-03, 10:40Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында мугалимдерге айлыгын эсептөөдө коюлган коэффициент боюнча маселе көтөрдү.
Анын айтымында, тарых, география өндүү сабактарды бергендерге айлыгын эсептөөдө азыраак коэффициент колдонулуп, ага жараша алар башка мугалимдерге караганда аз айлык алып калышууда.
Депутат мугалим кайсы сабакты окутпасын, баарынын жумушу бирдей оор экенин белгилеп, эмнеге мугалимдерге бирдей коэффициент коюлган эмес деген суроо салды.
Ал Агартуу министрлигин аталган маселе боюнча түшүндүрмө берүүсүн суранды.



