
Жарыяланган
2026-12-03, 09:57Талас шаары үчүн 30 электр автобус сатып алуу пландалууда.
Мэриянын маалыматы боюнча, 10-мартта шаардык кеңештин кезексиз сессиясы болуп өткөн. Жыйында 4 маселе каралган:
1. Талас шаарындагы “Мадиев көчөсү №71” дарегиндеги 1,32 гектардан ашык муниципалдык жерге футбол аянтчасын куруу үчүн “Азия” футболдук клубуна ижара акысын курулуш аяктагандан кийин төлөп баштоого макулдук берүү;
2. Талас шаарынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине макулдук берүү;
3. Талас шаарына лизинг аркылуу 30 электробус сатып алууга макулдук берүү;
4. Талас шаардык кеңештин буга чейинки токтомуна өзгөртүү киргизип, “Алдашүкүров көчөсү №55” дарегиндеги 0,5 га жерге балдар аянтчасы бар бала бакчаны куруу үчүн эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүү.
Алардын ичинен 1, 2 жана 4-маселелерди депутаттар колдоп берген. Ал эми электр автобустарды сатып алуу боюнча маселе кийинки сессияда карала турган болгон.



