Жарыяланган
2025-30-09, 17:12Чүй облусунун аймагында текшерүүдө “Жилингир” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуш жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Тактап айтканда, эс алуу жайы катары курулуп жаткан объект КРнын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын 37 жана 45-беренесиндеги талаптарды аткарбоо менен салынганы белгилүү болду. Мындан тышкары, аталган объект сел жүрүү коркунучу бар, кооптуу аймакта жайгашкандыгы аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган ЖЧКга карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө көрсөтмө берилди. Ошондой эле, шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин бузгандыгына байланыштуу айып салынды.