Akchabarsearch
Чолпон-Атадагы "Чолпон" кинотеатры оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди

Жарыяланган

2026-07-09, 11:59

Чолпон-Атадагы "Чолпон" кинотеатры оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Чолпон" кинотеатры оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди. Бул тууралуу Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду билдирди.

"Чолпон" кинотеатры 1982-жылы салынып, андан бери бир да жолу оңдоо иштеринен өткөн эмес. 2022-жылы болсо ал жараксыз абалга келген: жылуулук системасы иштен чыгып, чатырынан суу агып, имараттын өзү авариялык абалган келген.

Оңдоп-түзөө иштеринин кийин кинотеатрдагы орундардын саны 200дөң 310 чейин көбөйтүлүп, жаңы заманбап жабдыктар орнотулган. Жылуулук систеамсы толук жаңырталган.

Жаңылоо иштерине каражат Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп берилген.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду "Атлант Синема" компаниясы менен келишим түзүп, анын алкагында өлкөдөгү алты кинотеатр оңдоло турган болгон. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду оңдоп-түзөө иштерине 1.5 млн доллар каражат бөлүп бере турган болгон. Азыркы тапта алты кинотеатрдын ичинен төртөө (Баткен, Токмок, Кербен жана Чолпон-Атадагы) жаңыланды. 


Тектеш материалды окуу