Akchabarsearch
Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан  “Ригел” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-07-09, 11:36

Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ригел” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды

Ош шаарынын М. Артыков көчөсү 38 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жайдын 5 блогу текшерилип, мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Тактап айтканда, объектте курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана коопсуздук талаптарынын сакталбагандыгы белгиленди.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Ригел” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу жана курулуш иштерин тиешелүү талаптарга ылайык жүргүзүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
 


Тектеш материалды окуу