Akchabarsearch
Ош шаарында курулуш талаптарын сактабаган компанияга экинчи жолу эскертүү берилип, 200 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-27-08, 15:09

Ош шаарында курулуш талаптарын сактабаган компанияга экинчи жолу эскертүү берилип, 200 миң сом айып салынды

Ош шаарындагы Моминов 1 дарегинде 5 кабаттуу кеңсе куруп жаткан “Тесо” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Курулуш иштерине мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы текшерүү жүргүзүп, курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук талаптары бузулганы аныкталган.

Тактап айтканда, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолордун жоктугу аныкталган. Бул жакын жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларына жана айланадагы адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн.

Малыматка ылайык, аталган объект боюнча буга чейин дагы эскертүүлөр берилип, тиешелүү талаптарды аткаруу милдеттендирилген.Бирок, 25-августта жүргүзүлгөн кайра текшерүүдө эскертүүлөргө карабастан курулуш иштеринин уланып жатканы аныкталды.

Анын негизинде "Teco" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, объекттеги курулуш иштери токтотулду.Эгер аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбаса анда компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. 
 


Тектеш материалды окуу