
Жарыяланган
2026-20-07, 10:47Чүй облусунда жүргүзүлгөн текшерүүдө 25 курулуш объектиси текшерилип, мыйзам бузган компанияларга 1 миллион сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүү бетон чыгаруучу жайларда, асфальт заводдорунда жана таш майдалоочу ишканаларда жүргүзүлгөн. Адистер курулушка керектүү документтердин бар-жогун жана иштердин талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатканын карашты.
Жыйынтыгында «Арал-Боом», «Мостострой отряд», «Авира Групп», «Бишкек Инвест» жана «Бишкек Дистрибьюшн» компанияларына жалпы 1 миллион сомдон ашык айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.



