Akchabarsearch
Ысык-Көлдөгү Family Resort эс алуу жайына мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-03-08, 16:52

Ысык-Көлдөгү Family Resort эс алуу жайына мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдөгү Family Resort эс алуу жайында уруксатсыз кошумча мансард кабаттар курулганы аныкталды. Буга байланыштуу курулуш иштерин жүргүзгөн «Бекем Строй» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. 

Маалыматка ылайык, мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аталган эс алуу жайын пландан тышкары текшерген.

Текшерүүдө кошумча кабаттар тиешелүү уруксат документтери жок жана бекитилген долбоорго өзгөртүү киргизилбестен курулганы аныкталган.

Компанияга мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык келтиргенге чейин токтотуу чечими кабыл алынган.


Тектеш материалды окуу