Жарыяланган
2025-08-01, 13:27Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын премьер-министрлери - Адылбек Касымалиев, Абдулла Арипов, Кохир Расулзода бүгүн, 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде жолугушту.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, жолугушуу үч өлкөнүн президенттеринин чек арага байланышкан макулдашууларынын алкагында болду.
"Өлкөлөр соода жана логистикадан тарта суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга чейин негизги тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ экендигин айтышып, мында чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн кыймылдаткычы катары маанилүү роль ойнорун белгилешти", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аякташы белгиленип, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө” келишимге ратификациялык грамоталарды алмашылганы айтылды.
Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасы тууралуу 2024-жылдын 4-декабрындагы макулдашууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган аймактарын сыпаттоо толук бүткөрүлгөнү абдан маанилүү экени, эми жумушчу топтор жыйынтыктоочу документтерди даярдоону тез арада иштеп чыгуусу керектиги белгиленди.
Жолугушуу Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана жана Тажикстандын Согди облусунун аймактарындагы үч өлкөнүн чек араларынын тогошкон чекитинде өттү.