
Жарыяланган
2025-25-12, 17:071-декабрга карата расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү. Бул тууралуу Эмгек, соицалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын саны 1-октябрга карата 7,374 млн адамды түздү.
Өлкөнүн эмгек ресурстары 2,861 млн адамды түзүп, алардын ичинен 2,756 млн адам жумуш менен камсыз болгон, ал эми 104,7 миң адам жумушсуз. Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7%га жетти.
Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 58 565 жумушсуз жаран каттоодо турган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 21,5%га аз. Расмий катталган жумушсуздардын саны 39 841 адамды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26%га кыскарган.



