Жарыяланган
2025-27-02, 15:35Кыргызстандан жумушсуздардын 56 пайыздан ашыгын жаштар түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай изилдөө Дүйнөлүк банктын “Социалдык жардамды жана эмгек рыногунун программаларын бекемдөө” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Ага ылайык, кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жаштардын стажировкалары боюнча пилоттук долбоор ишке кирип, 650дөн ашык жаран окуудан өтүп, алардын 130га чакыны жумуш тапты.