Akchabarsearch
Кыргызстанда жаштар көбүнчө соода жана курулуш тармагында эмгектенет

Жарыяланган

2026-03-02, 18:01

Кыргызстанда жаштар көбүнчө соода жана курулуш тармагында эмгектенет

Кыргызстанда 15-35 жашка чейинки жаштардын 1 млн 160.9 миңи иштейт. Ал эми, 69 миңден ашыгы жумушсуз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, иштеп жаткан жаштардын 33 миңи 15–17 жаш курагындагылар. Алардын 25 миңден ашыгы айыл чарба тармагында эмгектенет.

18–28 жаштагы иштеген жаштардын саны 572 миңди түзөт. Бул курактагы жарандардын 105 миңи соода-сатык жана автоунаа оңдоо тармагында, 80 миңи мейманкана жана коомдук тамактануу жайларында, 79 миңи курулуш тармагында иштейт.

Ал эми 29–35 жаштагы иштеген жаштардын саны 555.3 миңге жетет. Алардын 91 миңи соода-сатык жана автоунаа тармагында, 75 миңи курулушта эмгектенет.

Кошумчалай кетсек, 1-январга карата Эмгек министрлигинин жумуш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуз жарандардын саны 56.5 миң адамды түзгөн, алардын ичинен 33.2 миңи жаштар.

 


Тектеш материалды окуу