Akchabarsearch
Президент таза шайлоо өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн айтты

Жарыяланган

2025-10-11, 15:22

Президент таза шайлоо өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн айтты

Президент Садыр Жапаров шайлоочулардын укугу корголо турган шарттар түзүлгөнүн айтты. Бул тууралуу ал 10-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы жаңы ачылган кичи аренада өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

“Буга чейинки саясий тоз-тополоң, митингддер жалаң ушул шайлоолордон улам чыгып келген. Шайлоонун жүрүшүндөгү адилетсиздик, добуштарды каратып туруп эле сатып алуу, “карусель” уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө, ачык-айкындыкты камсыз кылбоо көндүм эле көрүнүш болчу. 

Азыр эми андай болбойт, ага биз чекит койдук! Шайлоо тилкелеринин баарын электрондук эсептөөчү аппараттар менен камсыз кылдык, бир киши бир гана жолу добуш бере алат, ал ачык көрүнүп турат. Добуш сатып алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу дегенди тыкыр көзөмөлгө алып жатабыз. Ар бир шайлоочунун укугу корголо турган шарттарды түзүп бердик. Мамлекет тарабынан жасала турган иштердин бардыгын жасадык”, - деди Жапаров.

Президент акыркы жылдары жаштардын шайлоого катышуусу солгундап баратканын белгиледи.

“Бул ирет жаштар өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына татыктуу депутаттардын келиши үчүн, дагы беш жылдык келечегибиз үчүн туура тандоо жасап, өз тагдырын өзү чечкен муун катары тарыхка кирет деп бекем ишенем”, - деди мамлекет башчы.


Тектеш материалды окуу