Akchabarsearch
Ар бир төртүнчү иш берүүчү жаштарды тартуу боюнча атайын стратегия колдонбойт

Жарыяланган

2026-19-03, 16:59

Ар бир төртүнчү иш берүүчү жаштарды тартуу боюнча атайын стратегия колдонбойт

Кыргызстанда жаш адистер жетишпей жатканына карабай, компаниялардын болжол менен 24,5%ы жаштарды жумушка алуу үчүн атайын ыкмаларды колдонушпайт. Бул маалымат Эмгек министрлигинин Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында даярдалган отчетунда айтылган.

Бишкек шаарында жана Талас облусунда иш берүүчүлөр жаштар менен көбүрөөк иш алып барып, стажировка, практика жана өсүү мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк сунушташат.

Өлкө боюнча эң көп колдонулган ыкмалар — стажировка жана практика. Аларды компаниялардын 27.7%дан 40.7%га чейинкиси колдонсо, Чүй облусунда бул көрсөткүч 15.2% гана. Мындан тышкары, иш берүүчүлөр ийкемдүү иш графигин сунуштап, жумуш ордунда окутуп, бош жумуш орундар жарманкелерине катышып жана жумуш менен камсыз кылуу кызматтары менен иштешет. Кээде жумушка алуу тааныштар аркылуу да жүрөт.

Жаш кызматкерлерди өнүктүрүүгө кызыгуу акырындап өсүүдө. Бишкекте компаниялардын 25.4%ы, ал эми Талас жана Чүй облустарында 22%дан ашыгы мындай мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Жаштарды колдоо үчүн «Жаштар стажировкасы» программасы иштеп жатат. Ал 16–35 жаштагы жарандарга биринчи иш тажрыйбасын алууга жардам берет. Программа 30 шаар жана райондо иштейт. Катышуучулар стипендия алып, стажировкадан кийин туруктуу жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
 


Тектеш материалды окуу