
Жарыяланган
2026-17-04, 14:292025-жылдын жыйынтыгы боюнча Эмгек министрлигинин иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрүндө 57 миң 700 адам жумушсуз катары катталган. Алардын ичинен 38 миң 270 адам расмий жумушсуз макамын алган.
I кварталда жалпы 8 миң 87 бош жумуш орду катталып, учурда анын 5 миң 243ү актуалдуу бойдон калууда.
Иш менен камсыз кылуу кызматы аркылуу 3 миң 562 киши жумушка орношкон.
Мамлекет жарандарга жумуш табууга акысыз жардам берет. Бул кызматтарга жумушсуз катары каттоо, кесиптик окутуу, жөлөкпул берүү, убактылуу жумуш уюштуруу жана бош орундар тууралуу маалымат берүү кирет. Ошондой эле жаштар үчүн стажировка программасы бар.
Азыркы учурда эмгек рыногунда 5 миң 243 жумуш орду бар. Анын ичинен 1 миң 465 орун — кызматтык кесиптер, 3 миң 778 орун — жумушчу кесиптер.
Эң көп талап кылынган адистер:
• медицина кызматкерлери — 527
• мугалимдер — 323
• тигүүчүлөр — 1 миң 65
• айдоочулар — 427
• курулуш тармагындагы жумушчулар — 373
• кызмат көрсөтүү тармагы — 1 миң 16
Мындан тышкары программисттерге 98, бухгалтерлерге 158, соода агенттерине 260, ашпозчуларга 138 орун бар.
Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айындагы маалыматына ылайык, эң жогорку айлык кен казуу тармагында — 86 миң 971 сом, финансы секторунда — 83 миң 277 сом, маалымат жана байланыш тармагында — 80 миң 277 сом деп эсептелинген. Эң төмөнкү айлык билим берүү тармагында — 27 миң 352 сом, ошондой эле маданият тармагында — 27 миң 326 сомду түзөт.
Жумушсуздардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн 2 миң 39 адам кесиптик окууга жөнөтүлгөн. Ошондой эле 1 миң 974 адам убактылуу коомдук иштерге тартылган.



