
Жарыяланган
2026-23-09, 11:02Депутат Советбек Рустамбек улуу Жогорку Кеңештин 23-сентябрдагы жыйынында 10-11-класстын окуучуларын республикалык ишембиликтерге тартуу маселесин көтөрдү.
Депутаттын айтымында, 19-сентябрда ал Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн Боронбай Атишев орто мектебинин мугалимдери менен ишембиликте бирге болуп калган. Сүйлөшүү учурунда мугалимдер аларды ишембиликке айыл өкмөт алып чыгарын, "илгеркидей 10-11-класстын окуучуларын да ишембиликке тартса жакшы болот эле" деген сунушун айтышкан.
"Бекер эле жүрүшөт" дейт (мугалимдер - ред.). Шаар жеринде 10-11-класстагы балдар күрөктү кармаганды билбей калыптыр. Кыздарыбыз шыпыргы кармаганды билбейт. 10-11-класстар ишембиликке жана башка коомдук иштерге аралашып турса, "эгер таштандыны жерге ыргытсам, аны кайра өзүм чогултат экем, жыйнайт экем" деп тазалыкка көңүл бура баштайт", - дейт депутат.
Ал тиешелүү министрликтерди 10-11-класстардын окуучуларын республикалык ишембиликтерге тартуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады.



