
Жарыяланган
2026-22-09, 18:18Жогорку Кеңештин Финансы комитетинин жыйынында депутат Медер Чотонов Кыргызстанда дарыгер болууну каалаган өлкө жарандары медициналык окуу жайларда акысыз, мамлекеттин эсебинен окушу керектигин билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер акы төлөп окубаш керек. Анткени алар контракт төлөп окугандан кийин университет аларга катуу талап кое албай калат.
Ал белгилегендей, дарыгер болом дегендерде акысыз окутуу дароо эле болуп калбайт. Бирок этап-этабы менен кыргыз жарандары үчүн Медициналык академиядагы окууну этап-этабы менен акысыз кылуу керек.
"Бара-бара мамлекет дарыгер болом деген жарандарды гранттык негизде окутууга өтүшү керек", - деди ал.



