
Жарыяланган
2026-22-09, 17:01Ош шаарында жаңы заманбап күнөскана ишке берилди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин Ош шаарында тигилген гүлдөр Англия, Чехия, Өзбекстандан, негизинен эле чет жактан ташылып келсе, эми ал гүлдөр шаардын өзүнүн күнөсканасында өстүрүлө башайт.
Мэрия билдиргендей, жаңы ишке берилген заманбап күнөскана эң акыркы технологиялар менен жабдылган. Гүлдөрдү сугаруу, жылытуу жана желдетүү системалары толугу менен автоматташтырылган.
Андан тышкары, жумушчулар үчүн жатакана, ашкана жана башка керектүү шарттар да каралган.



