Akchabarsearch
Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер убактылуу жабылат

Жарыяланган

2026-22-09, 15:41

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттер убактылуу жабылат

Кытайда Күз ортосу майрамы жана Кытайдын Улуттук күнү майрамдала тургандыктан коңшу өлкө менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, "Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттери:

25-сентябрь саат 22:00дон 26-сентябрь саат 08:00го чейин;

1-октябрь саат 22:00дон 4-октябрь саат 08:00го чейин иштебейт.

Аталган күндөрү бекеттерден кишилер да, унаалар да өткөрүллбөйт.

Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер аркылуу өтүүнү каалаган жарандарга, жүк ташуучуларга аталган күндөрү өткөрмө жайлар убактылуу иштебей турганын эске алууну сунуштайт.


Тектеш материалды окуу