
Жарыяланган
2026-23-09, 10:13Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл көлүн сактап калуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдында трасттык фонд түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарында айтты.
Жапаров билдиргендей, Ысык-Көл ЮНЕСКОнун биосфералык коругу жана эл аралык маанидеги «Рамсар» аймактарынын тизмесине кирген. Бул өзгөчө бийик тоолуу көл бүгүнкү күндө катуу климаттык стресске дуушар болууда.
"Акыркы 170 жыл ичинде суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөдү, ал эми акыркы 5 жылда көлдүн деңгээлинин төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жетти. Көлгө эзелтен бери куюп келген 101 дарыянын ичинен учурда 30га жакыны гана жыл бою агып турат.
Ысык-Көлдүн негизги суу булагы - Тянь-Шань тоо мөңгүлөрү. Акыркы 70 жылдын ичинде тоолордогу мөңгүлөрдүн 30 пайыздан ашыгы ээрип кеткен. Анын 20 пайызга жакыны акыркы 7-10 жылдын ичинде гана кыскарган.
Бул процесс аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана жүз миңдеген адамдардын экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз коркунуч келтирет, - деди Жапаров.
Анын айтымында, Кыргызстан Ысык-Көлдү сактап калуу иштеринин алкагында бардык ички ресурстарын мобилизациялап жатат.
"Тактап айтканда, Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасын 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясы ишке ашырылууда.
Катуу экологиялык чектөөлөр киргизилип, суу астындагы роботехниканы колдонуу менен көлдүн тереңдигин мониторинг кылуу боюнча пилоттук долбоорлор иштей баштады. Көлдүн түбүн жана акваториясын масштабдуу тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Климаттын өзгөрүшүнүн масштабы жана ылдамдыгы ар бир тоолуу мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшөт жана консолидацияланган эл аралык аракеттерди талап кылат. Ысык-Көлдүн жоголуусу жергиликтүү трагедия эле эмес, бүткүл аймак үчүн орду толгус экологиялык көйгөйгө айланат", - деди ал.
Жапаровдун пикири боюнча, бул экологиялык көйгөйдүн потенциалдуу масштабын жана аны сактап калуунун чыгымдарын түшүнүү үчүн Арал деңизи жана Чад көлүнүн тагдырына көз чаптыруу керек.
"Арал деңизи менен Чад көлү аз эле убакыттар мурда Ыссык-Көл сыяктуу эле толуп турган көлдөр болчу. Азыр минтип кургап калды. Биз үчүн булардын мисалдары ачык эскертүү болушу керек.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү биздин демилгени колдоп, Уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фондун түзүүгө расмий түрдө чакырамын", - деди Жапаров.
Анын айтымында, Кыргызстан өз демилгесин конкреттүү иштер менен көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен фондго 10 миллион доллар салууга даяр.
"Биздин маданиятыбызда "Аманат" деген түшүнүк бар. Бул ата-бабаларыбыз бизге мураска калтырган нерсени көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдети.
Андыктан, Ысык-Көл - бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз десек туура болот. Биз сиздерден жардам сурап жаткан жокпуз. Биз Жер планетасынын бул уникалдуу жаратылыш ресурсун сактап калуу үчүн биргелешкен глобалдык өнөктөштүктү сунуштап жатабыз.
Кеч болуп калганга чейин, келгиле, бардыгыбыз күч-аракетибизди жана ресурстарыбызды аталган трасттык фонддун алкагында бириктирели", - ддеди ал.



