Akchabarsearch
Депутат аймактарда мал арасында шарп оорусу көбөйүп жатканын айтты

Жарыяланган

2026-16-03, 12:46

Депутат аймактарда мал арасында шарп оорусу көбөйүп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Табылды Муратбеков аймактарда мал арасында шарп оорусу көбөйүп жатканын айтып, бул боюнча тиешелүү министрликтен маалымат сурады.

Анын айтымында, акыркы учурда аймактардан малдын шарп оорусуна чалдыгып жатканы тууралуу кайрылуулар көп түшүүдө. Депутаттын белгилешинче, оорунун кесепетинен мал жем жей албай, температурасы көтөрүлүп, айрым учурларда өлүмгө алып келген фактылар да кездешүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев өлкө боюнча эпизоотиялык абал көзөмөлдө экенин айтып, министрлик тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилгенин билдирди. 

Анын маалыматына ылайык, акыркы эки жылдан бери вакцина боюнча маселе жок жана расмий түрдө оору катталган эмес.

Ал эми депутат бул маалыматка күмөн санап, шарп оорусу азык-түлүк коопсуздугуна да таасир этерин белгиледи. Ошондой эле ал бул маселе боюнча кийинки жыйында так маалымат угууну сунуштады.


Тектеш материалды окуу