
Жарыяланган
2025-30-12, 13:03Майрам күндөрү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча каттамдар киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаңы жыл майрамынын алдында жана эс алуу күндөрү аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн, облустар аралык автобустук каттамдарды үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Автобустар жетиштүү санда уюштурулуп, билеттердин тынымсыз сатылышы жана жол кире акыларынын негизсиз көтөрүлбөшү көзөмөлдөнөт. Бул максатта аймактык башкармалыктар автобекеттерде нөөмөт уюштуруп, көзөмөл жүргүзүүдө.
22-декабрдан тартып Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам каралган. Мындан тышкары, 101 автобус кошумча рейстер үчүн резервге коюлган. Ушундай эле резервдеги автобустар 8–12-январь аралыгында да колдонулат.

