
Жарыяланган
2026-22-01, 14:59Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» аттуу ай сайын берилүүчү жөлөк пул боюнча негизги маселелерге түшүндүрмө берди.
Анда ар айлык жөлөк пул бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөгө берилери айтылат. Алардын 3 жашка чейинки үчүнчү жана андан кийинки балдары болушу шарт.
Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жана социалдык-экономикалык абалына карабастан берилет.
Жөлөк пул арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып балдар 3 жашка чыкканга чейин чектелет.

