Akchabarsearch
Депутат: Ата-энелер мектептеги акча чогултуулардан тажап бүтүптүр

Жарыяланган

2026-30-09, 12:09

Депутат: Ата-энелер мектептеги акча чогултуулардан тажап бүтүптүр

Депутат Улукбек Карыбек уулу Жогорку Кеңештин 30-сентябрдагы жыйынында мектептерде ата-энелерден акча чогултуу деген нерсени токтотуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, азыр ата-энелердин WhatsApp тайпаларын оңдоо иштерине, тазалык кызматкеринин айлыгына, борго, самынга акча чогулткула деген каттарга толду. 

Ал билдиргендей, Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, билим берүү тармагында ата-энелерден көмүскө түрдө 2.5 млрд сом чогултулат экен.

"Ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган президенттин жарлыгы бар. Бирок ал иш жүзүндо кагазда калып жатат. Ушуну карай турган министрлер чабал болууда", - деди ал.

Сөзүн улай ал бюджеттен мектептерге бор, тазалык буюмдарына жылына жетиштүү акча бөлүнбөй жатканын белгилеп, ал сумманы көбөйтүүнү сунуштады.

Улукбек Карыбек уулу ата-энелер мектептеги акчса чогултуулардан тажаганын айтып, бул маселени чечүү керектигин билдирди.


Тектеш материалды окуу