
Жарыяланган
2026-13-02, 17:31Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча комиссиясынын жыйынында депутат Казыбек Эргешов борбор калаадагы базарларда жердин ижара акысынын кымбаттатылышын сынга алды.
Анын айтымында, базардагы соодаргерлер, ишкерлер ижара акынын кымбаттаганына нааразылыгын билдирүүдө.
“Биз чакан жана орто бизнести колдоонун ордуна “муунтуп” жатабыз. Тарифтерди, салыктарды көтөрүүдөбүз”, - деген депутат мэрия муниципалдык базарларда жердин ижара акысын канчага көтөргөнүн сурады.
“Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасынын башкы инженери Улан Курманбеков муниципалдык базарларда ижара акы 20%га чейин көтөрүлгөнүн айтты.
“Бул базарларды мындан ары өнүктүрүү үчүн жасалды. Ижаранын баасын сүйлөшүү жолу менен көтөрдүк”, - деди ишкананын өкүлү.
Депутат “Оберон” базары тууралуу сөз кылып, буга чейин ал жеке менчикте турганда, анын ээлери чакан жана орто бизнести, ишкерлерди колдоо үчүн жердин ижара акысын 50%га түшүрүү максаты болгонун белгиледи.
“Сиздер болсо, тескерисинче, бааларды түшүргөн жоксуңар, көтөрүп жатасыңар”, - деди депутат.
Курманбеков жеке менчик базарларда да ижара акы кымбаттаганын айтып, “Дордой” базарында ижара 40%га, “Алкан” базарында 20%га көтөрүлгөнүн билдирди.
Депутат базарлардагы жердин ижара акысынын көтөрүлгөнү негизсиз экенин айтып, бул маселени кароо үчүн Монополияга каршы кызматка жана Экономика министрлигине кат жолдой турганын белгиледи.
Ал мэриянын өкүлдөрүнө кайрылып ижара акыны кайра карап чыгууну сунуштады. Мэриянын өкүлдөрү маселени карап чыгарын билдирди.



