
Жарыяланган
2026-02-03, 10:21Ош шаарындагы эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери улантылат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган базардан бүгүнкү күнгө карата жайгашкан жалпы 1200 соода түйүнүнүн ичинен 700дөн ашуун соодагер өз соода орундарын бошотуп чыгып кетишти.
Калган соода түйүндөрүн да көчүрүү иштери улантылат.
Соодагерлерди көчүрүү иштерине Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бардык тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү иштер жүргүзүлдү.



