
Жарыяланган
2026-13-08, 13:46Кыргызстанда бир чейректе соода орундарын пайдалангандыгы үчүн алынган жалпы төлөмдөрдүн көлөмү 1.07 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 317 базар бар. Алардын ичинде жалпы 86.4 миң соода орду каралган. Отчеттук чейректе анын 82.7 миңинде соода жүргүзүлгөн.
Төлөмдөрдүн эң көп бөлүгү Бишкекке туура келген — 678.9 млн сом. Борбор калаада 66 базар иштеп, 30.1 миңден ашык соода орду пайдаланылган.
Экинчи орунда Чүй облусу — 103.8 млн сом, үчүнчүдө Ош облусу — 92.9 млн сом.
Үч ай ичинде базарларда иштеген соода орундардын 662си юридикалык жактарга, 21 миңи жеке жактарга, ал эми 61 миңи жеке ишкерлерге таандык болгон.
Бир соода ордунун күнүмдүк орточо акысы 204 сомду, ал эми базарлардын кварталдагы орточо иштеген күндөрүнүн саны 72 күндү түзгөн.



