Akchabarsearch
Депутат Бишкек мэриясына таштанды челектерди мурдагыдай эле көчөлөргө орнотууну сунуштады

Жарыяланган

2026-22-04, 13:18

Депутат Бишкек мэриясына таштанды челектерди мурдагыдай эле көчөлөргө орнотууну сунуштады

Жогорку Кенештин жыйынында депутат Исманали Жороев Бишкек мэриясына таштанды челектерди мурдагыдай эле көчөлөргө орнотууну сунуштады. 

Ал азыр мэриянын кызматтары таштандыны жумасына бир жолу алып кетерин, жарандар таштандыны бир жума бою үйүндө кармап тургундыктан, ал тез бузулуп, сасып кетип жатканын айтты. 

Жороев таштанды челектерди мурдагыдай эле көчөлөргө коюну сунуштап, бул элдин суранычы болуп жатканын белгиледи. 

Эскерте кетсек, мындан бир нече жыл мурда Бишкектин жаңы конуштарында көчөдө таштанды челектер турчу. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери таштанды челектер толгон сайын утуру таштандыны алып кетип турчу. Бирок мэрия көчөдө турган челектерди алып салып, тургундар таштандыны жумасына бир жолу белгиленген күнү көчөгө чыгарып тура турган болгон. 


Тектеш материалды окуу