
Жарыяланган
2026-22-04, 14:02Жогорку Кенештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков студенттер жакшы окугандарга жана ийгиликке жетишкен балдарга контракт төлөөдө жеңилдик берүүнү суранып жатканын билдирди.
Чойбеков быйылкы окуу жылында окуу жайлар контракттын баасын көтөргөнүн, келе жаткан жылга дагы кымбаттатууну пландап жатканын айтты.
Ал учурда азыл-түлүктөн баштап батирди ижарага алуунун баасы кымбаттап жатканын айтып, экиден-үчтөн баласын окуткан үй-бүлөлөргө оорчулук келип жатканын белгиледи.
Депутат жаштар коомдук-маданий иштерге катышкан, жакшы окуган, спортто ийгилик көрсөтүп жаткан студенттерге контрактты төлөөдө жеңилдик берүүнү суранып жатканын билдирди.



