Akchabarsearch
Депутат “Ош базар” боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады

Жарыяланган

2026-05-02, 13:51

Депутат “Ош базар” боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады

Депутат Куванычбек Конгантиев “Ош базар” боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган базардагы соодагерлер кайсы мекемеге кайрылышы керектигин билбей жатышат.

«Бул маселе боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштайм. Эл кайсы жакка барып суроолорун берерин билиши керек. Мэрияга же акиматка барышса, толук маалымат берилбейт. Президенттин иш башкармалыгына түз кайрылуу мүмкүн эмес. Жаңы жайга көчүрүлгөндө орундар кандай принцип менен бөлүштүрүлөт? Качан көчүрүлөрү тууралуу да так маалымат берилсин», — деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев комиссия кийинки аптада түзүлөрүн билдирди.


Тектеш материалды окуу