Akchabarsearch
Депутат тонировкага уруксаттын баасын арзандатууну сунуштады

Жарыяланган

2026-30-09, 11:25

Депутат тонировкага уруксаттын баасын арзандатууну сунуштады

Депутат Советбек Рустамбек улуу Жогорку Кеңештин 30-сентябрдагы жыйынында унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын баасын арзандатуу маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, азыр жарандарга тонировкага уруксаттын баасы бир жылга 50 миң сомду түзөт. Жарандар аны 25 миң сом кылуу сунуштарын айтышкан.

Депутаттын пикири боюнча, унаасынын айнегин караңгылатууну каалагандар көп болгондуктан, тонировканын уруксат баасы арзандатылса, аны алгандар көбөйүп, бюджетке бир топ каражат түшмөк.

Сөзүн улай депутат тонировкага уруксаттын баасын арзандатуу боюнча акция өткөрүүнүн ордуна арзаныраак туруктуу баа койгон туура болорун айтып, өкмөттү бул маселени карап чыгууну суранды. 


Тектеш материалды окуу