Akchabarsearch
Депутат унааларды эвакуациялоо баасын арзандатууну талап кылды

Жарыяланган

2026-26-01, 17:23

Депутат унааларды эвакуациялоо баасын арзандатууну талап кылды

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев унааларды эвакуациялоонун акысынын кымбаттыгы боюнча маселе көтөрдү.

Ал эвакуаторлор унааларды болгону 3-5 чакырым жүктөп кеткени үчүн 1600 сом аларын, бул өтө эле кымбат экенин белгилеп, анын арзандатууну сунуштады. Ал эвакауциянын баасын Монополияга каршы кызмат көзөмөлгө алыш керектигин белгиледи. 

Монополияга каршы кызматтын төрагасы Жээналы Орозбаев эвакуациялоонун баасы алар менен макулдашуудан өтөрүн айтты. 

“Биз жөндөн-жөн коюп бербейбиз. Алар бизге бардык кеткен чыгымдарын көрсөтүп бергенден кийин бааны коюп беребиз”, - деди ал.

Депутат Монополия каршы кызмат эвакуация менен иштегендердин эсептөөлөрүнө эле карабай, өзү талдоо жүргүзүшү керектигин айтты.  

Бекешев эвакуация учурда акча табуу үчүн бизнеске айланганын айтты. 


Тектеш материалды окуу