
Жарыяланган
2026-27-01, 09:561-февралдан тарта Кыргызстанда такси айдоочуларына лицензия алып иштөө милдеттүү болот. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясында аталган маселеге арналган жыйында айтылды.
Жыйында такси айдоочуларына 1-февралга чейин лицензия алуу милдеттүү экени, аны алуунун тартиби жөнүндө маалымат берилген. Ошондой эле лицензиясы жокторго 7 миң сомдон айып салынары эскертилген.
Манас шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов өз сөзүндө такси айдоочуларын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алуу ар бир айдоочунун жоопкерчилиги экенин белгиледи.



