Akchabarsearch
УКМК "Элит-Строй-Сити" боюнча текшерүү иш-чараларын баштады

Жарыяланган

2026-27-01, 10:46

УКМК "Элит-Строй-Сити" боюнча текшерүү иш-чараларын баштады

УКМК "Элит-Строй-Сити" боюнча текшерүү иш-чараларын баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда УКМКнын имаратында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштеринин жүрүшүнө таасир этүүчү факторлор, ошондой эле турак жайларды өз алдынча бүткөрүү үчүн жеткирүүдөгү кечигүүлөрдүн себептери тууралуу маалыматтар угулду.

"Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын  жетекчилиги курулуш иштерин аяктап, объектилерди быйыл сентябрь айына чейин өз алдынча бүткөрүүгө өткөрүп берүүгө милдеттенди.

Ошол эле учурда аталган компаниянын жетекчилигине курулуш иштери аяктаганга чейин алар үчүн чек арадан өтүүгө чектөөлөр киргизилди.


Тектеш материалды окуу