
Жарыяланган
2026-13-02, 15:38Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Фучика көчөсү 38 дарегинде курулуш жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Текшерүү учурунда “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптары бузулгандыгы аныкталды.
Натыйжада “Премиум Хоум” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди.
Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.



