Жарыяланган
2026-17-02, 17:08Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол 4 тилкелүү болуп курулат, бул унаа тыгынын азайтып, жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Учурда бул жолго республикалык бюджеттен 2,5 млрд сом каралган.
Адылбек Касымалиев бул курулушту өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

