Akchabarsearch
Быйыл маданият тармагына 6,4 млрд сом бөлүндү

Жарыяланган

2026-13-03, 10:16

Быйыл маданият тармагына 6,4 млрд сом бөлүндү

Быйыл маданият тармагына 6,4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маданият кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

"Курултайда президент маданият кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт деп айткан. Азыркы учурда иштер жүрүп жатат. Апрель айынан баштап жалпы маданият кызматкерлеринин айлык маянасы 100 пайызга көтөрүлөт. Маданият тармагынын бардык чөйрөсүндө иштегендердин айлыгы жогорулайт. Быйыл маданият тармагына 6 млрд 400 млн сом бөлүндү", — деди Надырбеков.


Тектеш материалды окуу