
Жарыяланган
2026-27-02, 17:32Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө шаар тургундары, активисттер сөз сүйлөп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарттарды жакшыртуу, социалдык коргоо боюнча каражаттарды көбөйтүүнү сунушташты.
Ошондой эле электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо, ички жолдорду оңдоп-түзөө, экологиялык, тазалык маселелери боюнча бир топ сунуштар айтылды.
2026-жылдагы бюджетинин долбооруна ылайык, быйыл шаардын бюджети 5 млрд 205 млн 536 миң 400 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын бюджетине салыштырмалуу 1 млрд 780 млн 222 миң 600 сомго көп.
2026-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга, коргонуу, экономикалык маселелер, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, эс алуу, спорт жана маданият, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарына сарпталмакчы.

