Akchabarsearch
Былтыр спортту өнүктүрүүгө дээрлик 2,6 миллиард сом бөлүндү

Жарыяланган

2026-24-02, 15:26

Былтыр спортту өнүктүрүүгө дээрлик 2,6 миллиард сом бөлүндү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага коллегия мүчөлөрү, дене тарбия жана спорт боюнча облустук башкармалыктардын жетекчилери, ведомстволук мекемелер, ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө адистештирилген агенттиктин түзүлүшү ресурстарды топтоого жана тармакты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк бергенин баса белгиледи.

“Мамлекет спортту өнүктүрүүгө системалуу колдоо көрсөтүүдө жана каржылоонун көлөмү жыл сайын өсүүдө. Эгерде 2020-жылы бюджеттен 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн болсо, 2025-жылы дээрлик 2,6 миллиард сом бөлүндү. Бул мамлекеттин спорт тармагына болгон ишениминин жана спортчулардын алдындагы жоопкерчилигибиздин айкын далили”, – деп белгиледи ал.

Анын айтымында, Кыргызстандын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө 2030-жылга чейинки дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын даярдоону тездетүү тапшырылды.


Тектеш материалды окуу