Akchabarsearch
Нарында төө чарбачылыгын кайра жандандырылды

Жарыяланган

2026-27-01, 11:56

Нарында төө чарбачылыгын кайра жандандырылды

Нарындын тургуну Бото Күрөңкеев унутулуп, саны азайып бара жаткан төө багуу менен алектенип келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анын атасы 1980-жылдардан бери төө багып келсе, бүгүнкү күндө бул ишти уулу Бото Күрөңкеев улантууда. 

Төө багуу түйшүгү оор болгону менен, бул мал кыргыз тоолорунун шарттарына өзгөчө ыңгайлашкан. Төөлөр 40 күнгө чейин суу ичпей чыдай алат, 40 градус суукка жана 50 градус ысыкка туруштук берет. 

Мындан тышкары, жылдын төрт мезгилинде эти менен сүтү пайдаланууга даяр болгон пайдалуу мал катары бааланат.

Фермер төө чарбачылыгын өнүктүрүү максатында Нарын облусунан тышкары башка аймактарга да төө таратып, алардын санын көбөйтүү боюнча аракеттерди көрүп жатат. Ошондой эле кыргыз тоолорунун төө породасын жакшыртуу максатында Монголиядан башка тоо породаларын алып келип, аргындаштыруу иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Маалыматка ылайык, төөнүн эркек башы 400–500 килограммга чейин эт берет. Мындан сырткары, төө жүнүнө да суроо-талап бар. Анын жүнүнөн түрдүү кийим-кече токулуп, тигилип, дарылык касиети бар буюмдар жасалып, сатылууда.


Тектеш материалды окуу

  • Нарында социалдык дүкөн ачуу пландалууда

    Нарын облусунун Казан-Куйган айылында социалдык дүкөн ачуу долбоору ишке ашырылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
    2026-25-03 09:44:36
  • Нарын облусунда күн электр станциясы курулат

    6-мартта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоор үчүн Турукташтыруу режимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
    2026-06-03 11:48:22
  • Нарында төө чарбачылыгын кайра жандандырылды

    Нарындын тургуну Бото Күрөңкеев унутулуп, саны азайып бара жаткан төө багуу менен алектенип келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
    2026-27-01 05:56:17
  • Нарында 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылды

    Нарын мамлекеттик университетинде 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди
    2025-04-04 03:25:55