Akchabarsearch
Нарын облусунда күн электр станциясы курулат

Жарыяланган

2026-06-03, 17:48

Нарын облусунда күн электр станциясы курулат

6-мартта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоор үчүн Турукташтыруу режимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Документке агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов, ошондой эле «Солар Системс» ЖЧКсы жана «АСТ Империал» ЖЧКсы кол коюшту.

Долбоор Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында 325 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын курууну карайт. Алдын ала инвестициянын көлөмү 200 миллион АКШ долларына бааланууда.

Долбоордун ишке ашырылышы кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүп, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.


Тектеш материалды окуу

  • Нарын облусунда күн электр станциясы курулат

    6-мартта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоор үчүн Турукташтыруу режимине кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
    2026-06-03 11:48:22
  • Нарында төө чарбачылыгын кайра жандандырылды

    Нарындын тургуну Бото Күрөңкеев унутулуп, саны азайып бара жаткан төө багуу менен алектенип келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
    2026-27-01 05:56:17
  • Нарында 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылды

    Нарын мамлекеттик университетинде 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди
    2025-04-04 03:25:55
  • Нарында мындан ары троллейбустар каттабайт

    Нарында мындан ары троллейбустар каттабайт. Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алышты. Буга троллейбус линияларынын начар абалы жана аларды тейлөөнүн кымбаттыгы себеп болгон
    2025-05-03 06:10:04